1-класска балдарды электрондук каттоо апрелде башталат

Бишкектеги мектептердин бири.

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Билим берүү жана илим министрлиги каттоо биринчи этапта балдарды катталган жери боюнча, экинчи баскычта ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөрүн билдирди.

“Мектепке электрондук кабыл алуу” системасына бала окуу жылынын башында алты жашка толсо гана кабыл алынат.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. Азыр мектепке кабыл алуу ушундай тартип менен болот.

Ата-энерер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет. Өлкөдө 2 357 мектеп бар. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте аялдар онкологиялык ооруларга каршы акысыз текшерилетTransparency International: Кыргызстанда жемкорлук азайган жокАпасы сабаган кыз туугандары менен коопсуз жайга жайгаштырылдыБашкы прокурор Тажикстанга байланыштуу кылмыш иши тууралуу маалымат бердиУлуттук банк интервенциялардан 9 миллиард сом киреше таптыКурманкул Зулушев: “Азаттык” боюнча арыз жазылса, прокуратура текшерет