Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 30-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Жыйында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алуу келишими колдоо тапты.
Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда жакырлардын саны 2 млн. 244 миң кишиге жеткен. Бул Кыргызстандын калкынын 33,3% түзөт. Анын ичинен, 407 миң адам же калктын 6% өтө жакыр. Мындан тышкары, дагы 500 миңге чукул же 10% калк жакырчылык чегине жакын жашайт.
Жакырчылыктын деңгээли боюнча 2022-жылдын маалыматы азырынча жарыялана элек. Эл аралык уюмдар соңку бир жылда Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 38% жетерин божомолдоп келишет. (BTo)
Дагы караңыз
Комитет өкмөттүн директорлор кеңешине мүчө болушун сунуштаган долбоорду четке какты Орусиянын Коргоо министрлиги ыктыярчыларды куралдандырууну чечтиКызыл-Кыя: Жүздөн ашуун жүк ташуучу машине Өзбекстанга өтө албай жатканы кабарланды ИИМ: Былтыр жол кырсыгынан 690 адам каза болдуДепутаттык комиссия Кумтөрдөгү абал менен тааныштыКемпир-Абад иши: абакта ооруп жаткандарды ооруканага которуу талабы коюлду