ИИМ: Былтыр жол кырсыгынан 690 адам каза болду

Талас-Суусамыр жолундагы автокырсык. (архив)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун билдирди.

Маалымат боюнча, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. (BTo)

Дагы караңыз

Кызыл-Кыя: Жүздөн ашуун жүк ташуучу машине Өзбекстанга өтө албай жатканы кабарланды Депутаттык комиссия Кумтөрдөгү абал менен тааныштыКемпир-Абад иши: абакта ооруп жаткандарды ооруканага которуу талабы коюлдуЖМК мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топ жыйынга чогулдуХарьков бийлиги калаадагы турак жайга ракета тийгенин билдирдиНукуста көп кабаттуу үйдөгү жарылууда кеминде беш киши көз жумду