Өзбекстан Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салууну айыптады

Азербайжандын Ирандагы элчилигинин алдына окуядан кийин чогулган кишилер.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын Ирандагы элчилигине куралдуу кол салууну айыптады.

"Бул окуяны тыкыр иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылат деген ниеттебиз", – деп айтылат билдирүүдө.

27-январда куралчан адам Азербайжандын Тегерандагы элчилигине чабуул жасаган. Ал элчиликтин имаратын Калашников автоматы менен аткылаган. Чабуулдан дипломатиялык өкүлчүлүктүн коопсуздук кызматынын башчысы каза таап, эки күзөтчү жараат алган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев муну теракт деп баалаган. Тегеран иликтөө башталганын маалымдады.

Жекшембиде Азербайжан Тегерандагы элчилигинде иштеген кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн Ирандан эвакуациялай баштаганын Reuters агенттиги расмий маалыматка таянып билдирди.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абакта ооруп жаткандарды ооруканага которуу талабы коюлдуОрусия Херсонго чабуулун уланттыТалас: вице-мэр менен спикердин камактагы мөөнөтү узартылдыОш–Ноокат–Раззаков жолун оңдоо иши жазында башталат Италия Ливия менен 8 миллиард долларлык газ келишимине кол койду