Майлуу-Суу: 15 социалдык объект жылуулук менен камсыз боло элек

Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында беш мектеп, үч бала бакча, үч орто окуу жайы, төрт социалдык объект таза суу жана жылуулук менен камсыз боло элек, шаарда өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бул тууралуу 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шаар калкынын 91% жылуулук менен камсыз болду, таза суу системасында авариялар уланып жатканына байланыштуу ичүүчү суу менен камсыз болгондор 51% түзүүдө.

"29-январда саат 17:00гө карата эритилген 12-чакырым аралыгында 13 авария катталган" деп билдирди ӨКМ.

Чыгымдын баштапкы жалпы суммасы дээрлик 44 миллион сом деп эсептелди.

№1 откана 99%, №4 откана 100% иштеп жатат, ал эми №3 откана тейлеген 375 абоненттин 223үнө (59%) жылуулук берилген.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 20 миң кг ун, 4 миң литр өсүмдүк майы, 8 миң кг кумшекер 810 үй-бүлөгө таратылып бүттү.

26 миң калкы бар Майлуу-Суу шаарында 6,5 миңдей кожолук жашайт.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын ӨКМ 13-январда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отканалардын иши токтогон.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин сууктап, быйылкы кыш башталгандан берки эң суук күндөр болгон. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болуп жаткан. (RK)

Дагы караңыз

Жонсон документалдык тасмада Путиндин опузасы тууралуу айттыОрусия Херсонго чабуулун улантты"Бийликтин “Азаттыкты” жабуу аракети тынчсыздандырат""Тарифтен мурда тартип керек". Энергохолдинг жоюлат