Иранда төрт айдан берки өкмөткө каршы уланган демонстрацияларда кеминде 527 киши набыт болду. Алардын арасында 71 бала жана күч органдарынын 70 өкүлү бар. Бул тууралуу АКШда жайгашкан укук коргоочулар маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency) 29-январда билдирди.
Жалпысынан 20 миңге жакын адам камакка алынган. Адистер алардын жүздөн ашыгы өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүндүгүн белгилешет. Буга чейин бир нече демонстрантка ушундай жаза колдонулду. Ирандын бийлиги өлгөндөр жана камакка алынгандардын жалпы саны боюнча маалымат бере элек.
Иранда өкмөткө каршы нааразылык былтыр сентябрда тутанган. 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып, Адеп-ахлак полициясында каза болгондон соң кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган жапырт нааразылык акциялары башталган.
Дүйнө коомчулугу демонстранттарга күч колдонулушун сындап келатат. Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптайт.
Дагы караңыз
Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатын онунчу ирет жеңип алды Италия Ливия менен 8 миллиард долларлык газ келишимине кол койдуПакистанда кайык оодарылып, кеминде 12 бала каза болдуТалибдер университеттерге кыз-келиндерди кабыл албоону эскерттиИрандын аскердик заводуна чабуул жасалдыОш шаарында кыргыз тилин даңазалаган инсталляция орнотулду