Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатын онунчу ирет жеңип алды

Новак Жокович.

Сербиялык теннисчи Новак Жокович карьерасында онунчу жолу Австралиянын ачык чемпионатын (Australian Open) жеңип алды. Финалда ал дүйнөнүн төртүнчү ракеткасы грекиялык Стефанос Циципасты утту.

Жалпысынан Жоковичтин Чоң шлем турнирлеринде 22 жолу жеңген. Сыйлыктарынын саны менен ал испаниялык Рафаэль Надалга жетти.

Австралиянын ачык чемпионаты Мельбурн шаарында өттү. Анын байге фонду 50 миллион АКШ долларын түзөт.

Дагы караңыз

Азербайжан Тегерандагы элчилигинен кызматкерлерди эвакуациялоодоОш шаарында кыргыз тилин даңазалаган инсталляция орнотулдуПакистанда кайык оодарылып, кеминде 12 бала каза болдуИталия Ливия менен 8 миллиард долларлык газ келишимине кол койдуТалибдер университеттерге кыз-келиндерди кабыл албоону эскертти"Блогерлер ар бир сөз үчүн уруксат сурап калышы мүмкүн". Талаштуу ЖМК мыйзамы