Ош шаарында кыргыз тилин даңазалаган инсталляция орнотулду

Кыргыз тилин даңазалаган инсталляция. Ош шаары. 2023-жыл

Ош шаарындагы "Жеңиш" аянтына белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрү жазылган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ачылышында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдер сыйланды.

Кыргыз тилин даңазалаган инсталляция “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата орнотулган.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ.

Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине жакшы көңүл бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлүп, жыйындар орусча өтүп жатканын сындап келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Пакистанда кайык оодарылып, кеминде 12 бала каза болдуТалибдер университеттерге кыз-келиндерди кабыл албоону эскертти"Блогерлер ар бир сөз үчүн уруксат сурап калышы мүмкүн". Талаштуу ЖМК мыйзамы "Сегиз бала менен бир бөлмөдө жашайбыз". Жөлөк пулга муктаж үй-бүлө