Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясында болгон жер титирөөдө бери дегенде үч адам өлүп, 800дөн ашуун киши жабыркады. Бул тууралуу IRNA агенттиги провинциянын губернатору Мохаммад Садик Мотамедянга таянып билдирди.
Анын айтымында, 124 адам ооруканага жаткырылды. Расмий маалыматтарда эки шаарда жана 70 айылда турак жайлардын дээрлик 50% зыян тартканы айтылат.
28-январдагы жер титирөөнүн күчү 5,9 баллга жеткен.
Дагы караңыз
Орунбеков Акылбек Жапаров тууралуу пикирлерге комментарий берди "Акаевдин Израилде жасаган доклады жарыяланган эмес"Мобилизациядан качкан Орусиянын беш жараны Сеулдагы аэропортто жашап жататКыргызстан чет өлкөлөргө соода өкүлчүлүк ачууну караштырат