29-январда Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;
Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Нарын аймагында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз 3…5°. (КЕ)
Дагы караңыз
Министрлик пияз экспортуна убактылуу тыюу салууну сунуштадыОштогу ок атышуудан эки адам жараат алып, ооруканага түштүМилиция Ноокатта жети жаштагы баланы сабаган адам табылганын билдирдиИерусалимде синагогада ок атылып, жети киши каза болду