Бишкек - Ташкент: Чек ара чечилди, абактагы активисттердин үнү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бул тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында 24 документке кол коюлду. Эки мамлекет чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо грамоталары менен алмашты. Президенттер тар жана кең форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы алака-катышты камтыган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга да кол койду.