Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагынбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева "Азаттыкка" билдирди.
Аталган ооруканага караштуу төрөтканада жыл башынан берки эки аптанын ичинде алты ымыркай чарчап калган.
Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү адистерден турган атайын комиссия окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген. Ошондой эле төрөт үйүнүн директору кызматынан убактылуу четтетилген.
Караколдогу төрөтканада жылына төрт миңден ашык наристе жарык дүйнөгө келет. Облустун бардык аймагынан төрөтү оор, паталогиясы бар кош бойлуу аялдардын көбү Караколго жөнөтүлөт.
Дагы караңыз
Репрессия курмандыктарын актоо боюнча парламенттик угуу өтүп жататШавкат Мирзиёев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бардыЖапаров менен Мирзиёевдин расмий жолугушуусу өтөтАтай Бейшенбек Октябрь окуясына байланыштуу айыпты четке какты Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды