Репрессия курмандыктарын актоо боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

Жогорку Кеңеште 27-январда Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо мыйзам долбооруна байланыштуу парламенттик угуу өтүп жатат. Ага депутаттар, тархычылар, коомдук ишмер жана жаштардын өкүлдөрү катышууда.

Долбоорду Жогорку Кеңештин төрт депутаты – Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо даярдаган.

Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган жана анын авторлору бул сталиндик репрессиянын себептерин жана масштабын көрсөтүп, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирмек деп эсептешет.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары жашаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер Сибирге, Борбор Азияга айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.

Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарыл экенин, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келишет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын Жогорку Соту былтыр совет мезгилиндеги репрессиянын курмандыгы болгон 200дөн ашык кишини актаган. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин “өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун” айткан. Анын мындай билдирүүсү орус коомчулугунда жана маалымат каражаттарында талкууга түшкөн.

Дагы караңыз

Шавкат Мирзиёев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бардыЖапаров менен Мирзиёевдин расмий жолугушуусу өтөтАтай Бейшенбек Октябрь окуясына байланыштуу айыпты четке какты Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды  АКШ “Вагнер” менчик аскердик компаниясын кылмыштуу уюмдардын катарына киргиздиУкраина: Орусиянын авиациялык чабуулунан кеминде 11 киши мерт болду