Ооганстанда калктын жарымы тамакка жетпей, ачка отурганын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү билдирди. 2021-жылы августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан кийин эл аралык жардам токтоп, андан бери миллиондогон киши жакырчылыкка батты.
«Ооган элинин жарымы жыл бою ачарчылыкта отурса, курсагы тоюп тамак жей албагандардын саны мурда болуп көрбөгөндөй көбөйдү”, – деди эл аралык уюмдун өкүлү Филипп Кропф.
Ал 7 миллион наристе энеси менен жеткен жакырчылыкта күн көрүп жатканын белгиледи. 40 миллионго чукул эли бар өлкөдө азырынча ачарчылыктын айынан каза тапкандар жок болгону менен гуманитардык кризисти токтотууга каражат жок.
Улуттар Уюмунун агенттиктери оогандарга тамак-аш таратып, билим берүү, медициналык жардам, анын ичинде жылуулук тармагына, жылуу кийим-кече алганга акча берүүдө.
"Талибан” өкмөтүнүн ооган аялдарына жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салганы кырдаалды курчутту.
10 күн мурун Ооганстандын Чукул кырдаалдар министрлиги сегиз провинцияда катуу суукта адамдар тоңуп калганын, 80 миңдей баш мал өлгөнүн билдирди. Ансыз дагы ачарчылыкка баткан өлкөдө абанын температурасы -34 градуска чейин түшкөн.
Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алганы маалым болгон. Тумоодон жарым айдын ичинде 20дан ашуун киши каза болгонун бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу "Азаттыкка" 10-январда айтып берген.
26-январда Жогорку Кеңештеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов Памирдеги кыргыздардын абалын билүү үчүн элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөнүн билдирди.
Кыргыз бийлиги Чоң-Алай районунда памирликтер үчүн бардык шарты бар 400 үйдүн курулушу быйыл жазында башталарын убада кылды.
Дагы караңыз
Мирзиёевдин сапары: чек ара, экономика, ынак коңшулукОСАГО: айып пул төлөөнүн мөөнөтү жылдыБатыш Украинага ондогон танк жөнөтө турган болду Ыш көйгөйү: Өкмөт Бишкектин абасын кантип тазалайт?