Кыргыз-өзбек бизнес форуму: 168 млн. долларлык 11 документке кол коюлду

Кыргыз-өзбек бизнес форуму. 26-январь, Бишкек.

Бишкекте 26-январда Өзекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки күндүк мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулган кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында 11 документке кол коюлду.

Алар:

  • Эки мамлекеттин айыл чарба министрлеринин агроөнөр жай жаатында кызматташуусунун жол картасы;
  • Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүү жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
  • Нарында терини кайра иштетүү жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер уюштуруу жөнүндөгү макулдашуу;
  • Мал чарбасы жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер түзүү тууралуу макулдашуу;
  • "Кыргызстанда карбид жана кальций өндүрүү боюнча комплекс куруу боюнча макулдашуу;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жөнөтүү тууралуу макулдашуу;
  • Кыргызстанда электр энергиясын эсептеген жабдууларды куроону уюштуруу боюнча кызматташуу меморандуму;
  • Базальт таштарын өндүргөн завод тууралуу меморандум;
  • Өзбек компаниялары өндүргөн азык-түлүктү Кыргызстанда сатуу жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба өнүмүн ташуу тууралуу келишим.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул форумда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 21% өскөнүн, 2022-жылдын 11 айында 543 миллион доллардан ашканын билдирген.

Мирзиёевдин 26-27-январдагы Бишкек сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

Дагы караңыз

Ооган кыргыздарынын абалын билүү үчүн элчилик өкүлү жөнөтүлдүБишкек Ташкентке орто ГЭСтерди куруу жаатында кызматташууну сунуштады Диний кастыкты козутууга шектелген окутуучу соттон толук акталдыКыргыз-өзбек алакасы: товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 21% өстү Кыздын өлүмүнө шектүү айдоочуну шаардык сот да үй камагында калтырды