Нуртазин Жетибаев Архитектура агенттигинин башчылыгынан кетти

Нуртазим Жетибаев.

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетибаев кызматтан кетти.

Анын ордуна Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы аппарат башчысы Мырзабек Жыпаркулов дайындалып, 26-январда эмгек жамаатына тааныштырылды.

Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" радиосуна Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырастады. Анын кызматтан алынышынын себеби түшүндүрүлгөн жок.

Нуртазин Жетибаев бул кызматка былтыр июнь айында дайындалган. (TAb)

Дагы караңыз

ОСАГО: Шакиев айып пул төлөөнүн мөөнөтү жылганын билдирди Парламентте Акылбек Жапаров катышкан "өкмөттүк күн" өтөт"Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызын кароо 17-февралга жылдыШавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Бишкекке келет