Парламентте Акылбек Жапаров катышкан "өкмөттүк күн" өтөт

Министрлер кабинети. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеште 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “өкмөттүн күн” өтөт. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 26-январдагы жыйында билдирди.

Шакиев 25-январда Акылбек Жапаров менен жолугушуп, автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтүн жылдырууну, парламентте өкмөттүк күндү өткөрүүнү макулдашкан.

“Өкмөт жазгы талаа иштери, арзан айыл чарба кредиттери жана башка маселелер боюнча астейдил даярданып келе турган болду”, - деди Шакиев.

Парламентте “өкмөттүк саат” акыркы жолу былтыр 20-октябрда өткөн. (TAb)

Дагы караңыз

ОСАГО: Шакиев айып пул төлөөнүн мөөнөтү жылганын билдирди "Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызын кароо 17-февралга жылдыШавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Бишкекке келетМирзиёевдин сапарынан улам Бишкекте жол кыймылына чектөөлөр болот