"Навальный" даректүү тасмасы "Оскарга" талапкер болду

Канадалык режиссёр Дэниел Роэрдин "Навальный" даректүү тасмасы "Оскар" сыйлыгына талапкер болду. Бул тууралуу кабар киноакадемиянын Твиттердеги баракчасына жарыяланды. Жеңүүчүлөр 12-мартта сыйланат.

CNN Films компаниясынын катышуусунда HBO Max сервиси тарткан тасма орус оппозиционери Алексей Навальныйды Германияда ууландыруу аракетинен башталып, Орусияга кайтканга чейинки учур сүрөттөлөт. Саясий драма жана триллер андан ары Навальныйдын камалышы жана аны бошотууну талап кылган нааразылык акциялары менен аяктайт.

Навальныйдан тышкары, анын санаалаштары да башкы каарман катары көрсөтүлгөн фильм "Сандэнс" кинофестивалында көрүүчүлөрдүн тандоосунда эки сыйлыкты жеңип алган.

Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Навальныйды сот "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Кийин ага сотту кемсинтүү иши кошулган.

Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

Ушул күндөрү дүйнөнүн ондогон шаарларында Орусияда абакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды жана башка саясий туткундарды колдогон акциялар өтүүдө.

Дагы караңыз

Эсептөө палатасынын төрагасы Кумтөрдөгү текшерүү тууралуу маалымат берди "Элдин көкүрөгүндөгү азаттык эч качан өчпөйт"“Азаттык” Кыргызстанга эмне себептен маанилүү?Мурдагы футболчу Савинге "орус армиясын каралаган" деген негизде иш козголду