Канада түпкүлүктүү элге "маданий геноцид" үчүн кенемте төлөйт

Салттуу кийим кийген инуит кызы. Канадада тартылган сүрөт. 2007-жыл.

Канада мектеп-интернат түзүмүндөгү билим берүүнүн натыйжасында эне тилин жана маданиятын жоготкон түпкүлүктүү элдерге 2,1 миллиард доллар кенемте төлөп берүүгө макул болду. Бул чечимди федералдык сот февралдын аягында бекитет деп күтүлүүдө.

Кенемте Канаданын өкмөтүнөн көз карандысыз фондго "түпкүлүктүү элдердин билимин, маданиятын жана тилин калыбына келтирүү" максатында которулат.

1831-жылдан 1996-жылга чейин Канадада чиркөө башкарган жана түпкүлүктүү элдин балдарын ассимиляциялоо саясатынын негизинде түзүлгөн 130 мектеп-интернаты иштеген. Бул мектептерде 150 минден ашык жергиликтүү элдердин өкүлү окуган.

Интернаттарда кеминде 3200 бала сууктан, начар тамактануудан жана оорудан каза болгон. Көптөгөн студенттер сабалып, психикалык жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгон.

2012-жылы Канаданын 325 түпкү элинин өкүлдөрү алардын тилине жана маданиятына келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылып, сотко кайрылган.

2015-жылы Канаданын Адилеттик жана элдешүү комиссиясы мектеп-интернат түзүмүн “маданий геноцид” деп айыптаган.

Дагы караңыз

“Азаттык” Кыргызстанга эмне себептен маанилүү?Мурдагы футболчу Савинге "орус армиясын каралаган" деген негизде иш козголдуМосква райондук сотунда Болот Назаровдун иши кыскарып, эркиндикке чыкты