Мурдагы футболчу Савинге "орус армиясын каралаган" деген негизде иш козголду

Евгений Савин

Орусиялык спорт блогери, мурдагы футболчу Евгений Савинге орус армиясын каралады деп административдик иш козголду.

Савин муну "Мен өзүм менен сыймыктанган сейрек учур" деп сыпаттады.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Савин согушка каршы тасма тартып, YouTube каналына жарыялаган. Анда украин футболчулары орус баскынчылыгы башталгандан берки башынан өткөргөн окуялары тууралуу айтып беришет. Видеонун сүрөттөмөсүндө: “Орусия баштаган согуш ар бир украиналыктын тагдырын өзгөрттү” деген сөз бар. Тасма 1,5 миллиондон ашык жолу көрүлгөн.

Видео чыккандан кийин Савинге тааандык футбол клубуна Красногорск шаарындагы стадиондо машыгууга тыйуу салынган. Демөөрчүлөр клубду каржылоодон баш тартышкан. Савин команданы колдоо максатын көздөп өзүнүн батирин сатканы айтылган.

Май айында 38 жаштагы Савин Орусиядан чыгып, командасын Кипрде каттоодон өткөргөн.

2022-жылдын августунда Мамлекеттик Думанын депутаты Роман Терюшков Савин "орус армиясын каралаган" маалыматтарды полицияга бергенин билдирген. Ички иштер министрлиги аларды Москванын Тергөө комитетине өткөрүп берип, иш козгоо боюнча чечим чыгарышы керек эле.

2000-2015-жылдары футболдук карьерасында Евгений Савин Орусия чемпионатында эки жүздөн ашык оюн өткөрүп, 50дөн ашык гол киргизген. Ошондой эле Орусиянын жаштар жана олимпиадалык командалары үчүн бир нече беттештерди өткөргөн. Кийин телеалыпбаруучулук менен алектенген. 2021-жылы "Красава" деген футбол клубун түзгөн.

Дагы караңыз

“Азаттык” Кыргызстанга эмне себептен маанилүү?Милиция Ала-Букада алтын казууга аракет кылгандар кармалганын билдирдиӨкмөттө өспүрүмдөр арасындагы баңгиликти алдын алуу талкууланды Чек ара кызматы Өзбекстандын аймагындагы өрт тууралуу маалымат таратты Журналисттер Украинада каза болгон 12 миңден ашуун орусиялыктын аты-жөнүн аныкташты