25-январда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;
Таласта түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын аймагында түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн --27…-32, күндүз -9…-14 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүз -1…-3° суук болот.