Казакстандын Коргоо министрлигинин кызматкери коррупцияга шектелүүдө

Казакстандын Коргоо министрлигинин бөлүм башчысы коррупцияга шектелүүдө. Өлкөнүн Коррупцияга каршы кызматы сотко чейинки иликтөө башталганын билдирди.

Шектүү видеобайланыш жабдууларын жеткирүүдө 20 миң доллар пара алганы айтылууда. Астана соту аны тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Коргоо министрлиги "бул жаран мурда коргоо бөлүмүнөн бошотулган" деген билдирүү таратты.

Коргоо тармагы айрым рейтинг агенттиктеринин индексинде Казакстандагы эң коррупциялашкан тармактардын катарына кирет.

Ranking.kz агенттигинин иликтөөсүнө ылайык, былтыр коррупцияга байланышкан тизмеге Коргоо министрлигиндеги 22 кызматкер кирген.

Коргоо министрлиги жемкорлукту жоюу максатында иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Дагы караңыз

Кыргыз коому "Азаттыктын" жабылышына каршы Адвокат маркум Арзыгүл Галымбетованын эжеси доодон баш тартканын билдирди Берлин немис өндүрүшүндөгү танктарды Украинага берүүгө даяр экенин билдирдиПакистанда электр энергиясы жапырт өчүрүлдү