Аба ырайы: Айрым аймактарды туман каптайт

Кыргызстандагы тоолор.

24-январда Кыргызстандын аймагында жаан чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Таласта түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3

Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүз -2…-4° суук болот.

Дагы караңыз

Ошурахунова: Канча айдан бери демократияга, сөз эркиндигине басым болуп жатканын көрүүдөбүзБишкекте башаламан курулуштарга жол бергендердин ысымын ачыкка чыгаруу сунушталдыКамактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн "Кумтөргө" байланыштуу каты жарыяланды Кыргызстанда 300дөн ашык айылда таза суу системасы жок