Белгилүү инсандар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер бийликтин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу аракетин айыптап жатышат. “Азаттыктын” Кыргызстандын эгемен өлкө катары калыптанышына кошкон салымы зор экенин белгилеген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев сөз эркиндиги демократиялык өнүгүүнүн негизги багыты экенин айтты:
“Эл эң тоталитардык советтик мезгилде да “Азаттыкты” бекинип, Азамат Алтайды тоолорго чыгып угуп жүргөн . Чындык каякта экен, дүйнөдө эмне болуп жатат деп. Ошол маалда эл угуп, керек болуп жүргөн “Азаттык” азыр биз эгемендикке жетип, бутка туруп жаткан маалда өтө маанилүү. Анткени демократия болбосо өлкө эч качан өнүкпөйт, а демократиянын негизги шарттарынын бири – сөз эркиндиги. Сөз эркиндиги болгондо гана ачыктык болуп, жарандык коом өзүнүн үнүн жеткире алат, бийлик эсептешип, тазаланып турат. Сөз эркиндигин жабам деген бийлик өзүнүн келечегине балта чапкан болот. “Азаттык” жабылбашы керек. “Азаттык” Кыргызстандын эгемендигин түптөөгө, демократияны өнүктүрүүгө, коомду алдыга жылдырууга дайым кызмат кылып келген, дагы эле кызмат кыла берет, салымы өтө чоң”.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Министрлик сотко жолдогон доо арызында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.
"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
Былтыр 26-октябрда "Азаттыктын" сайты жабылган соң 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Биринчи радио" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.
Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.
Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү ушундай эле өтүнүч меген кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. (RK)
Дагы караңыз
Мирзиёевдин сапары: чөлкөмдөгү кырдаал жана алака Кызылча жана кызамык оорулары менен алты бейтап катталды Маданият министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылдыБишкекте башаламан курулуштарга жол бергендердин ысымын ачыкка чыгаруу сунушталды