Дүйнөдө Алексей Навальныйды колдогон акциялар өтүүдө

Алексей Навальныйды колдоп чыккандар. Белград, 21-январь.

Ушул күндөрү дүйнөнүн ондогон шаарларында Орусияда абакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды жана башка саясий туткундарды колдогон акциялар өтүүдө.

Орусиянын элчиликтеринин алдында же борбордук аянттарда өткөн акцияларга негизинен Украинадагы согушка каршы чыккан орус жарандары чыкты.

17-январда Навальныйдын кармалганына туура эки жыл толду. Ал Орусияга кайтып келгенде кармалган. Адегенде «Ив Роше» ишине байланыштуу камалган. Кийинчерээк«алдамчылык» беренеси менен кайра соттолуп, катаал тартиптеги абакка кесилген. Саясатчы түрмөнүн администрациясын өзүн жүйөсүз себептерден утур-утур айып жайына камай бергени үчүн сындап келет. Навальный жана анын тарапташтары ага карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт. Дүйнөнүн алдыңкы укук коргоо уюмдары аны саясий туткун деп тааныган.

20-21-январда Навальныйды колдогон акциялар Вильнюс, Рига, Копенгаген, Берлин, Лондон, Стокгольм, Тбилиси, Сидней, Рейкьявик, Прага, Буэнос-Айрес жана башка 20га жакын шаарларда өттү.

Дагы караңыз

Лос-Анжелестеги ок атууда 10 кишинин өмүрү кыйылды Мамлекеттик Думанын төрагасы Батышты өзөктүк курал менен коркуттуТүркия Швецияда өткөн митингди сынга алды Мирзиёевдин сапары: чөлкөмдөгү кырдаал жана алака