Майлуу-Суу шаарында 810 үй-бүлөгө жардам берилди

Майлуу-Суу.

Бүгүн, 22-январда Майлуу-Суу шаарынын тургундарына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардам көрсөттү.

"Майлуу-Суу шаарындагы аз камсыз болгон 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди. Азыктын түрлөрү ӨКМдин кызматкерлери, шаар мэриясынын жамааты тарабынан муктаждарга бөлүштүрүлдү. Жардам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнүүдө", - деп билдирет ӨКМдин жергиликтүү бөлүмү.

Майлуу-Суу шаарында 30миңге чукул эл жашайт. Шаарда 12-январдан баштап жылуулук токтоп, таза суу жана саркынды суулар аккан курлар тоңуп калган.

12-январь күнү өзгөчө кырдаал жарыяланып, азыр калыбын келтирүү иштери жүрүп жатат.

Учурда үч откананын экөө ишке кирип, шаардыктардын 63 пайызына жылуулук берилди. Ал эми таза суу жеткиреле элек. (TB)

Дагы караңыз

Өзгөндүн Большевик айылында жаңы мектеп курулду Мамлекеттик Думанын төрагасы Батышты өзөктүк курал менен коркуттуАба ырайы: Күн ачык болотТүркия Швецияда өткөн митингди сынга алды