Өзгөндүн Большевик айылында жаңы мектеп курулду

Кыргызстандагы мектептердин бири.

23-январда Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагына караштуу Большевик кыштагында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Буга чейин Большевик айылында мектептин имараты болгон эмес.

Мектептин курулушун Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фонду каржылады. Курулуш иштери 2020-жылдын февраль айында башталып, пандемияда убактылуу токтотулган.

Билим берүү министрлигинин буга чейинки маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда. (BCh)

Дагы караңыз

Мирзиёевдин сапары: чөлкөмдөгү кырдаал жана алака Ош: ашар жолу менен борбор курган жаштар Майлуу-Суу: Элге таза суу бериле элек Жазуучу, драматург Мурзапар Үсөн көз жумдуЭлектр энергиясын бөлүштүргөн ортомчу компаниялар кыскарды