Жазуучу, драматург Мурзапар Үсөн көз жумду

Мурзапар Үсөн.

Баткенде жазуучу, журналист Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында каза болду.

Ал Баткен районунун Кара-Булак айылында "Муз булак" коругун негиздеген. Драматург, тарыхчы, скульптор, сүрөтчү катары да белгилүү.

Мурзапар Үсөн Баткен районунда 1948-жылы туулган. Кыргызстан жазуучулар биримдигинин мүчөсү. “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Сырттан” ж.б. бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 22-январда өзү туулуп-өскөн Кара-Булак айылына коюлат. (JsA)

Дагы караңыз

Электр энергиясын бөлүштүргөн ортомчу компаниялар кыскардыОрусияда Telegram мессенжери “чет элдик агент” деп табылдыЧүй облусундагы майыптар жана карылар үйлөрү жылыбай жатканы аныкталды Украинада тик учак кырсыгынан каза болгондор жерге берилди