Чүй облусундагы майыптар жана карылар үйлөрү жылыбай жатканы аныкталды 

Кыргызстандагы карылар үйү.

Чүй облусундагы майыптыгы бар жана карылар үйлөрүндө имараттын ичиндеги жылуулук +5 градуска чейин түшүп кеткен. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 17-19-январда 14 социалдык жайды кыдырып, анын тургундары үшүп жатканын аныктаган. Бул тууралуу мекеме 21-январда билдирүү таратты.

“Бардык социалдык жайлар административдик борборлордон алыс жайгашкан. Көмүр, электр энергиясы же газ менен жылыйт. Жарык өчүп жаткандыктан, имараттардын ичи суук, суу муздак. Айрым жайларда тамак жасай албай жатышыптыр. Мындай социалдык имараттардын жарык өчүрбөөнү өтүнүп тиешелүү органдарга кайрылдык”, - деп жазылган маалыматта.

Эреже боюнча имараттын ичиндеги жылуулук +18, +24 болушу керек.

Кыргызстанда энергетикалык каатчылыктан улам бийлик жарыкты “авраиялык тартипте” өчүрүп турарын 19-январда жарыялаган.

21-январда президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон тариф быйыл май айынан тарта 77 тыйындан бир сомго көтөрүлөт деген билдирүү жазган. (BCh)

Дагы караңыз

"Өлкөмдү сагынып келип, таарынып кетем". Мариинск театрында бийлеген Канат Телеграм-каналдар украин соккусунан мобилизацияга тартылган "жүздөгөн" орусиялык каза болгонун жазды"Улам кемип, улам барат бөксөрүп, өмүр аттуу өтө кымбат казына"Устун басып калган аялдын өзүн кечирбеген күйөөсүБүтүндөй бир доорду ала кеткен Кикабидзе