Казакстанда Орусиянын Украинага басып киргенин колдогон депутат мандатынан ажырады

Казак парламентиндеги “Ак жол” партиясынын экс-депутаты Азамат Абилдаев

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Мажилиске “Ак жол” партиясынан депутат болуп шайланган Азамат Абилдаевди мандатынан ажыратты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Путинди колдойм!" Казак парламентинин депутаты мандатынан ажырады

Абилдаевдин “Азаттыктын” казак кызматы менен болгон бул маегинен кийин депутат мүчө болгон “Ак жол” партиясы катарынан чыгарып, БШКга кайрылган.

Партиянын төрагасы Азат Перуашев депутаттын айтканы "Ак жолдун" позициясына каршы келип, партиялык жана депутаттык этикага жатпай турганын билдирген.

19-январда президент Касым-Жомарт Токаев казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажилисти тараткан. Коңшу өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо 19-мартка белгиленди.

Астана Орусиянын Украинага басып киргенин расмий айыптаган эмес. Бирок өздөрүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деген аймактарды тааныбай турганын билдирген. Согуш башталгандан бери Казакстан Украинага бир канча жолу гуманитардык жардам жөнөттү. Казак активисттери Буча жана Киев шаарларына боз үй тигип, элге ысык тамак жана жардам берүүчү пунктка айландырышкан.

Дагы караңыз

Милиция Бишкектеги мектептерде жардыргыч зат табылбаганын билдирдиАкылбек Жапаров Бишкектеги 20 жаңы конушту газдаштырууну тапшырдыЖолдон корккон окуучулар, үшүгөн бейтаптар