Темиркулов: Креативдүү тармактын өнүгүшү үчүн сөз эркиндиги керек

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз бийлиги дүйнө жүзүндөгү бардык креативдүү тармактын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип иштөөгө чакырат. Бул тууралуу президенттик администрациянын өкүлү Азамат Темиркулов Бишкекте өтүп жаткан Креативдүү индустриялар паркын өнүктүрүү боюнча жыйында айтты.

Темиркулов өлкө экономикасы үчүн креативдүү тармактын ролу чоң экенин белгилеп, мамлекет приоритеттүү үч багытты (креативдүү экономика, санариптештирүү, жашыл экономика) тандап алганын айтты.

Талкууга катышкан журналист Назгүл Коңурбаева креативдүү тармак өнүгүшү үчүн сөз эркиндиги керек экенин айтып, “өлкө авторитардык режимге баратканын”, буга эркин ЖМКларга болуп жаткан кысым, “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүн мисал келтирди.

Темиркулов буга “өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана авторитардык режим болбостугун” айтып жооп берди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрация өкүлдөрү, ишкерлер, блогерлер, ырчылар жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн демилгечилеринин бири, ишкер Данияр Аманалиев мындай ишмердик жүргүзгөндөргө 0,5% бирдиктүү салык киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

Былтыр август айында Кыргызстанда “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда креативдүү деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган. Аларга архитектор, дизайнерден тарта блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15тен ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр киргизилген.

Дал ушул тармакта иштегендер Креативдүү индустриялар паркына мүчө болуп, салык, социалдык төлөмдөр жаатында жеңилдиктерге ээ боло алат. Ал үчүн өз ишин ачык жүргүзүшү зарыл. (NbA/KE)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугуштуНарын: Милиционердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдөӨкмөт таза суу тарифин тезинен өзгөртүү керек деп эсептей турганын билдирдиБадахшанда 90дой этникалык кыргыз паспорт ала албай жатканы айтылды