Кыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 20-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.
Куткаруучулар 31 адамды аман алып калып, 52 миллиард сомдук мүлктү сактап калышкан.
2020 жана 2021-жылдары өрт кырсыгынан каза болгондор 43 жана 51 адам болгон, материалдык чыгым 854 миллион жана 904 миллион сом деп эсептелген.
Дагы караңыз
Бадахшанда 90дой этникалык кыргыз паспорт ала албай жатканы айтылды"Жарык өчкөндө үшүп атабыз". Жалал-Абаддагы кырдаалКемпир-Абад иши: Камактагыларды колдоп чыккан активист жоопко тартылдыСогушту сындаган орусиялык блогердин Бишкектеги жашоосу