Иран Крымдын жана Украинанын башка аймагынын аннексияланышын тааныбай турганын билдирди

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиян.

"Иран Крымдын жана Украинанын башка төрт аймагынын аннексияланышын тааныбайт", - деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиян түркиялык TRT World телеканалына курган маегинде.

"Биз эл аралык мыйзамдардын алкагында өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйбыз, ошондуктан Тегеран менен Москванын ортосундагы жакшы мамилелерге карабастан, Крым, Луганск жана Донецк облустарынын Украинадан бөлүнүшүн тааныган жокпуз", - деди Абдоллахиян.

Ирандын бийликтери тышкы саясатта өздөрүнүн “ырааттуу принцибин” талап кылып жатканын билдирди.

"Биз Украинадагы жаңжал - маселени чечүү жолу эмес деп айтканда, биз фундаменталдуу саясий принцип катары позициябызга ишенебиз", - деп кошумчалады министр.

Батыш өлкөлөрү Иранды Орусияга курал-жарак, тагыраак айтканда, камикадзе дрондор менен камсыз кылып жатат деп шек саноодо. Ноябрда Иран биринчи жолу Орусияга учкучсуз учактар жеткирилгенин моюнга алып, бирок алар Украинада согуш башталганга чейин жөнөтүлгөнүн билдирген.

Тегеран Орусия Украинага каршы согушта ирандык учкучсуз учактарды колдонгону далилденсе, “кайдыгер калбай турганын” билдирди.

Мунун алдында Washington Post октябрь айында Иран Орусияга учкучсуз учак жана баллистикалык ракеталарды тымызын ташууга макул болгонун жазган.

Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алып, 2022-жылдын 24-февралында согуш ачкан. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, аннексияланганын жарыялаганы менен дүйнө аны тааныган эмес. Украин аскерлери соңку айларда Орусия басып алган бул аймактардын айрымдарын бошотту. (КЕ)

Дагы караңыз

Каракалпакстандагы рейдде 90 миңдей үй тинтилип, 132 киши кармалдыТегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болдуЕвропадагы тогуз өлкө Украинага "болуп көрбөгөндөй" аскердик жардам убада кылдыБилим берүү министрлиги: Кыргызстандагы мугалимдердин 19% гана эркектер түзөт