Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуунун алкагында Иран Ислам Республикасына барды. Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту.
Кыргызстандын президенттик администрациясы кабарлагандай, бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталганын билдирген.
Кыргызстандын биринчи айым Айгүл Жапарова алдыдагы конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымын талкуулоо үчүн жакшы аянтча болорун белгиледи.
Тараптар бул багыттагы кызматташууну макулдашты. (ErN)
Дагы караңыз
Европадагы тогуз өлкө Украинага "болуп көрбөгөндөй" аскердик жардам убада кылдыОоганстанда 15 жылдан берки эң катуу суукта ондогон киши көз жумдуКемпир-Абад: Иштин "жашыруун" сыры, адвокаттардын сыны