ТИМ: Кыргызстан-Евробиримдик келишимине кол коюуга даярбыз

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу жаңы келишимге европалык тараптагы жараян бүтөр замат кол коюуга даяр. Бул тууралуу 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министрдин айтымында, келишим боюнча сүйлөшүүлөр үч жылдан бери жүрүп жатат, ага быйыл кол коюлушу ыктымал:

“Ал жакта 27 мамлекет кол коюшу зарыл. Мурда кол коюу ишин Евробиримдиктин катчылыгы жүргүзчү экен. Эми ар бир өлкө менен өз-өзүнчө кол коюу керек деген эреже кириптир. Биз 27 өлкөнүн ар бири менен өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүү татаал экенин айтып, ич ара жүргүзүп беришсе деп суранганбыз. Быйыл жыл ичинде кол коюшубуз ыктымал. Былтыр декабрда кол коебуз деп пландап жаттык эле. Бирок алар жетишпей жатканын айтып тайм-аут сурашкан. Азыр 27 өлкөнүн тилдерине котормо жүргүзүлүп жатат. Алар белги берер замат документке кол койгонго даярбыз”.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келе жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты былтыр апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстан: Элди жана бийликти сынаган энергетикалык кризис Өзбекстан: элдин кыжырын кайнаткан энергокризис"Кыргызалтындын" жетекчиси алмаштыСултанбаев MEGA компаниясы мамлекеттин карамагында каларын билдирди