ТИМ былтыр чет жактан 350 мигранттын сөөгү келгенин билдирди

“Жүк-200”

Былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Бул тууралуу бүгүн 19-январда Бишкекте жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Кулубаевдин айтымында, “Жүк-200” алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Министр белгилегендей, 350 маркумдун 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

2021-жылы, ТИМдин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. (RK)

Дагы караңыз

Султанбаев MEGA компаниясы мамлекеттин карамагында каларын билдирдиТИМ: Мирзиёев Кыргызстанга жакынкы арада келет Ыш көйгөйү: газга өтүүгө шашылбаган конуштар "Кыргызалтындын" жетекчиси алмашты