"Кыргызалтындын" жетекчиси алмашты

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Калдарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" 19-январда ырастады. Ал кайсы кызматка бара турганын айткан жок.

33 жаштагы Калдарбеков "Кыргызалтындын" бул кызматка 2022-жылдын 2-сентябрында дайындалган. Кызматка жаңы киришкенде "Азаттыкка" комментарий берип, "таза иштей" турганын айткан.

Калдарбековдун ордуна "Кыргызалтындын" директорлор кеңешинин мүчөсү Кубат Абдраимов бара турганы айтылууда. Ал кесиби боюнча юрист. Буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген. (КЕ)

Дагы караңыз

Майлуу-Сууда 340тай абонентке жылуулук бериле элек Парламентте энергетика министрин иштен кетирүү жана жоопко тартуу тууралуу айтылдыИбраев газ маселеси чечилмейинче жарык өчө бере турганын айттыТаласта ырчы Малик Аликеев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө