Бишкектин Батыш автобекетиндеги өрт өчүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

19-январда Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тилсиз жоо таңкы саат 6га жакын чектөөгө алынып, саат 9га чукул толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Буга чейин аталган министрлик аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.


15-январда Орто-Сай базарында өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2022-жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапканын билдирген. Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Давос: Зеленский заманбап курал-жабдык Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарарын айттыДавос: БУУнун баш катчысы Гутерриш дүйнө "кайгыга батып турганын" айттыККМ аппараттарын колдонгон ишкерлер жыл ичинде үч эсе көбөйдүОрто жана чакан бизнестин электр энергия керектөөсү текшериле баштады Шинжаңдыктардын туугандары Кытайдын Астанадагы элчилигинин алдына чыгышты