Бишкек абасы булганган шаарлардын тизмесинде сап башына чыкты

Бишкек.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 19-январга карата индексинде Бишкек кайрадан биринчи сапка чыкты.

Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор шаары турат. Тизменин бешинчи сабына Өзбекстандын Ташкент шаары илинген. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Соңку бир нече күндөн бери Кыргызстандын борбору ыштан улам тизмеден түшпөй жатат.

Азыр шаардын борборунда абанын сапаты боюнча индекси (AQI) 260ка жакындады. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай. Азыр көрсөткүч боюнча Оштун Кара-Суу шаарында абал Бишкектен дагы жаман, AQI 265, шаардын четиндеги Лебединовка айылында 247, Токмок 229, Кызыл-Суу (Ысык-Көл) 201 деп турат.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкекте ыштын деңгээлин текшерип, өзгөчө кырдаал жарыялоону парламенттин 18-январдагы жыйынында сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров борбор калаанын үстүн каптаган ышты азайтууга эл өзү жардам бериши керектигин "Кабар" агенттигине 17-декабрда курган маегинде билдирген.(КЕ)

Дагы караңыз

Давос: Зеленский заманбап курал-жабдык Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарарын айттыДавос: БУУнун баш катчысы Гутерриш дүйнө "кайгыга батып турганын" айттыБеларуста прокурор “Радыё Свабоданын”журналистинин жубайын эки жылга кесүүнү сурадыУкраинанын ички иштер министринин милдетин Игорь Клименко аткаратОрто жана чакан бизнестин электр энергия керектөөсү текшериле баштады