Улуттук банк коммерциялык банктарды элди накталай доллар менен камсыздоого чакырды

Манас Жакыповдун коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуусу.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов Кыргызстандагы коммерциялык банктардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абал, накталай АКШ долларын Кыргызстандын аймагынан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Улуттук банктын жетекчилиги тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн накталай чет өлкө валютасын жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана онлайн тейлөө аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады.

16-январда Министрлер кабинети Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды. Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат.

Улуттук банк 13-январда Кыргызстанда валюта рыногу туруктуу экенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдөгү банк системасында 650 миллион доллар бар, анын 40% накталай акча түзөт.

Орус аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген соң Батыш өлкөлөрү Москвага катаал санкцияларды салган. Анын айынан Орусияда евро жана доллар тартыш боло баштаган. Натыйжада ага жакын жана өнөктөш майда өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да чет элдик валюталардын дефицити жаралган.

Министрлер кабинети коммерциялык былтыр 11-мартта банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Ага карабай Кыргызстанда чет элдик валюталардын баасы улам олку-солку болуп, чоң суммада сатып алуу кыйын болуп келатат. (ErN)