Кыргызстан 2023-жылы Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстандагы электр энергиясынын жабдуулары. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын жылытуу мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясын керектөөсү 15,9 млрд. киловатт саатты түзсө, 2023-жылы электр энергияны керектөө 16,6 млрд. киловатт саатты түзөрү күтүлүүдө.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунун “Түз байланыш” уктуруусунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, натыйжада быйыл дефицит 1,9 млрд. киловатт саат болуп калышы ыктымал.

“Тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнстандан 2,0 млрд. киловатт саат электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн”, – деди Бакыт Төрөбаев эфир учурунда.

Өкмөт өкүлү электр энергиясын импорттоо башталган же башталбаганын тактаган жок.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ушул күндөрү эң ири Токтогул суу сактагычындагы резерв 10,6 млрд. метр кубду түзөрүн, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу көп экенин белгиледи. Ага карабай керектөөнүн көптүгүнөн сууну агызуу да арбышы мүмкүн деп эсептелүүдө.

Буга чейин Энергетика министрлигинин жетекчилиги басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдашкан. Мурдагы жылдары күнүмдүк керектөө 55-60 миллион киловатт саатты гана түзчү. Жогорку керектөө ушул кыштагы эң суук күндөргө туш келди. (ErN)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе тиешелүү органдар чара көрөтКыргызстандын Берлиндеги элчилигинде “Кыргыз үйү” маданий борбору ачылдыАлматы соту Мамайга британиялык депутаттар менен жолугушууга уруксат бербеди