Бириккен Улуттар Уюму жаңы баяндамасында Украинадагы урушта набыт болгон карапайым тургундар жети миңден ашканын жарыялады.
Уюмдун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсесинин 15-январдагы баяндамасына ылайык, Украинадагы апаатта 7031 киши каза болгону айтылат, алардын 433ү балдар.
Дүйнөлүк уюм бул документтештирилиген гана көрсөткүч экенин, чындыгында айыгышкан кармаштын очогуна айланган айыл-шаарларда өлгөндөрдүн саны эселеп көп экенин белгилейт.
Ошол эле учурда украин армиясы жана орус армиясы он миңдеген аскеринен ажыраганы тууралуу жарым-жартылай тастыкталган маалыматтар бар.
Былтыр 24-февралда орус армиясынын Украинага басып киргенин Москва "атайын операция" деп атаса, Киев жана анын союздаштары Кремлдин импералисттик баскынчылыгы деп сыпаттайт.
Дагы караңыз
БУУ: Миграциядан улам кылымдын аягында тилдердин көбү жоголушу ыктымалАкылбек Жапаров Ошто “Т” формасындагы жолдун долбоорун көрдүОоганстанда катуу суукта 16 адам набыт болдуКытайдын калкы акыркы 60 жылда биринчи жолу азайды