Глобалдык жылуулук менен байланышкан табигый кырсыктардан улам көп адамдар өз тилинде сүйлөй албаган жерлерге көчүп жатышат. БУУнун эсебинде, XXI кылымдын аягына чейин азыркы жети миң тилдин көбү жок болушу мүмкүн.
Канададагы Квинс университетинин тилдерди изилдеген бөлүмүнүн директору Анастасия Рилдин айтымында, табигый кырсыктар ыктымалдыгы жогору аралдарда жана жээктерде аз киши сүйлөгөн тилде баарлашкан адамдар жашашат. Ушундай эле адамдардын айрымдары абанын табы көтөрүлүп, дыйканчылыкка жана балык уулоого терс таасир бере баштаган аймактарды байырлашат. Бул факторлор аларды климаттык миграцияга үндөп, башка аймактарга көчүүгө мажбурлайт. Ал жакта алардын тилинде сүйлөгөндөр жоктугунан улам башка тилди үйрөнүшөт. Бул абал алардын эне тилинин жоголушуна алып келет.
2021-жылы табигый кырсыктардан улам 24 миллиондой адам жер которгон. 2018-жылы бул сал 19 миллионго жакын болчу. Миграциянын басымдуу бөлүгү Азия-Тынч океан чөлкөмүнө туура келет, ал жердегм аралдарда жайгашкан мамлекеттердин калкы тездик менен азайып баратат.
Дагы караңыз
Ооганстанда катуу суукта 16 адам набыт болдуАкылбек Жапаров Ошто “Т” формасындагы жолдун долбоорун көрдүҮч облуста айрым мектептер онлайн окууга өттү