Зеленскийдин кеңешчиси Арестович кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Алексей Арестович

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович кызматтан кетүүгө арыз жазганын 17-январда Фейсбукта билдирди. Ал Украина президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермактын атына жолдонгон арыздын көчүрмөсүн жарыялап, "олуттуу ката, демек отставка" деп жазды.

14-январда Алексей Арестович Фейгин Live Ютуб каналына курган маегинде Днепрдеги турак жайга ракеталык сокку урулуп тургундар каза болгонун айткан. Ал ракетаны Украинанын абадан коргонуу системасы атканы үчүн багыты бурулуп, турак үйгө тийгенин билдирген.

Арестович кийин эфирде айткан сөзү үчүн алгач кечирим сураган, буга чарчаңкы абалда болгонун шылтоолоп, кийин кечиримин кайтарып алган.

Президенттин кеңешчисинин сөзү Украинада кызуу талкууга алынууда.

Украинадагы согуш башталгандан бери Алексей Арестович президент Зеленскийдин кеңсесинин атынан сүйлөгөн башкы спикерлердин бири. Ал катышкан маек жана эфирлерди миллиондогон адамдар көрөт.

Украинанын социологиялык кызматтарынын изилдөөлөрү боюнча президенттин кеңешчиси өлкөдөгү эң таасирдүү үч саясатчынын катарына кирет. Өткөн жылы августта Арестович кийинки президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экенин билдирген.

Днепрге 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган. Акыркы маалыматтарга ылайык, бери дегенде 40 кишинин сөөгү табылды, алардын экөө балдар. Ондогон адам куткарылды. Дагы отуздай кишинин дайыны жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.

Дагы караңыз

“Улуу көчмөндөр мурасы” маселеси парламенттик комитетте көтөрүлдү Москвада Днепрдеги апаатты эскерген эстелик пайда болду Непалда авиакырсыкта каза болгондордун сөөгү туугандарына бериле баштады