18-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлерин туман каптайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;
Талас жергесинде түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -12…-17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -11…-16 болот.
18-январда борбор Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17°, күндүз -4…-6° градусту түзөт. (ErN)
Дагы караңыз
Зеленскийдин кеңешчиси Арестович кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды“Улуу көчмөндөр мурасы” маселеси парламенттик комитетте көтөрүлдү Москвада Днепрдеги апаатты эскерген эстелик пайда болду Ырчы Малик Аликеев дүйнө салды