Майлуу-Сууда сууктун айынан токтоп калган үч откананын дагы бири кайрадан иштей баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 17-январда эртең мененки саат 10го карата №4 отканага электр жарыгы жеткирилип, шаардын 198 абоненти жылуулук менен камсыз боло баштады.
Учурда ал жерге атайын насос орнотулуп, Майлуу-Суу суусунан отканага суу алып өтүү иштери жүрүүдө.
Кечээ 16-январда №1 откана жылуулугун бере баштаган, 600дөй абонентке жылуулук бериле баштаган.
Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирген.
Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отказандардын иши токтогон.
Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болууда. (RK)
Дагы караңыз
Ырчы Малик Аликеев дүйнө салдыТаштандыны кайра иштетүүгө бел байлаган ишкерЭнергокризистен улам Ташкент мэри иштен кеттиАдам өлүмүнө шектүү айдоочунун камактан бошонгон себеби айтылды