Жогорку Радада Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Арестовичти кызматтан алууну талап кылышты

Алексей Арестович.

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Алексей Гончаренко украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестовичти кызматтан алуу үчүн кол чогултуу башталганын билдирди.

Буга удаа эле ал Арестовичтин мамлекеттик чыккынчылыкка тиешеси бар-жогун териштирүүнү Коопсуздук кызматына тапшырган.

Мындан тышкары Гончаренко Владимир Зеленскийдин администрациясы Арестовичтин согуш тууралуу айткандары президенттин расмий көз карашын чагылдырбай турганын билдириши керек деп эсептейт.

Дүйшөмбүдө Раданын депутаттары президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермакка кайрылып, Арестовичти расмий кызматтан четтетүүнү суранышкан. Алар кеңешчинин аракети өлкөгө зыян келтирип жатканын, атап айтканда, анын Днепрдеги турак үйдүн урашы боюнча айтканын "агрессор өлкөнүн маалымат каражаттары дароо таратканын" белгилешти.

14-январда Алексей Арестович Фейгин Live ютуб каналына курган маегинде Днепрдеги турак жайга ракеталык сокку урулуп 40 киши каза болгонун айткан. Ал ракетаны Украинанын абадан коргонуу системасы атканы үчүн багыты бурулуп турак үйгө тийгенин билдирген.

Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү муну четке кагып, ракета бутага алынган жерге түз тийгенин маалымдашты.

Арестович кийин эфирде айткан сөзү үчүн алгач кечирим сурап, буга чарчаңкы абалда болгонун шылтоолоп, кийин кечиримин кайтарып алган.

Президенттин кеңешчисинин сөзү Украинада кызуу талкууга алынды. Днепр шаарынын мэри Борис Филатов Арестовичти оор сөздөр менен тилдеген.

Украинадагы согуш башталгандан бери Алексей Арестович президент Зеленскийдин кеңсесинин атынан сүйлөгөн башкы спикерлердин бири. Ал катышкан маек жана эфирлерди миллиондогон адамдар көрөт.

Украинанын социологиялык кызматтарынын изилдөөлөрү боюнча президенттин кеңешчиси өлкөдөгү эң таасирдүү үч саясатчынын катарына кирет. Анын алдына Владимир Зеленский менен Валерий Залужный бар.

Өткөн жылы августта Арестович кийинки президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экенин билдирген. (TAb)

Дагы караңыз

Кыргызстандын экономикасы 7% өстүЖурналисттер Соледардагы чабуулду башкарган "вагнерчи" командирдин тек-жайын аныкташты Бишкекте кармалган казакстандык активисттер бошотулдуИталиялык белгилүү актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумду