Италиялык белгилүү актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумду

Жина Лоллобрижида. Архив.

Италиялык актриса Жина Лоллобрижида 95 жашында көз жумганын эл аралык басылмалар кабарлашты. Актрисанын өлүмүнүн чоо-жайы айтылган жок.

60тан ашык тасмада роль жараткан Лоллобрижиданын эң белгилүү ролдору 1956-жылы тартылган "Нотр-Дам соборундагы" Эсмеральда жана 1952-жылы чыккан "Фанфан-Жоогазын" мелодрамасындагы Аделина.

Актриса эки жолу "Алтын глобус" сыйлыгын алган. 1961-жылы "Эң популярдуу чет элдик актриса" сыйлыгына татыган. 1995-жылы дүйнөлүк кинематографияга кошкон өзгөчө салымы үчүн атайын сыйлыкка ээ болгон. 2018-жылы Голливуддагы Даңк аллеясына Лоллобрижиданын жылдызы ачылып, салтанатка 90 жаштагы актриса өзү катышкан.

Ал катышкан акыркы көркөм тасма 1997-жылы экранга чыккан. Кинодогу карьерасын аяктагандан кийин Лоллобрижида скульптура жана фотосүрөт тартуу менен алектенип жүрдү. 2022-жылы ал Италиянын парламентине шайлоодо ат салышып, 1% бир аз көбүрөөк добуш алган.

Акыркы жылдарын актриса Римдин жанындагы вилласында жалгыз өткөрдү. Канаттуулар бакчасында 600дөй куш баккан.

Дагы караңыз

Депутаттар кылмышка аралашкан спортчуларды наамынан ажыратууну сунуш кылдыНепалда кулаган учактагы төрт адамдын дайыны чыкпай жататЭнергокризис: Мирзиёев Ташкенттин мэрин садага чапты