"Вкусно – и точка" Казакстанда каттоодон өтүүгө арыз берди

"Вкусно - и точка" ресторанынын жанынан өтүп бараткан киши.

Орусияда McDonald's компаниясынын ордун ээлеген "Вкусно – и точка" тез татым тармагы Казакстанда каттоодон өтүүгө арыз берди. Бул тууралуу Казакстандын Юстиция министрлиги кабарлады. Аталган компания "брендди коргоо" максатын көздөп жатканын РБК агенттигине маалымдаган.

Украинадагы согуштан улам 2022-жылдын мартында McDonald's компаниясы Орусиядагы ишмердигин токтоткон. Май айында брендди бизнесмен Александр Говор сатып алган.

Говор ребрендинг жасап, июнь айынан баштап Орусиядагы McDonald's ресторандарынын аталышын "Вкусно – и точка" деп өзгөрткөн.

Ноябрь айында McDonald's Беларустан да чыгып кеткенден соң ал жакта да "Вкусно и точка" тез татым түйүндөрү иштей баштаган.

Быйыл январда McDonald's ири фаст-фуд ресторандар тармагы эт жеткирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам Казакстандан чыгып кеткен.

Дагы караңыз

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилдиДнепрде Орусиянын соккусунан каза болгондор 40ка жеттиЭнергетикалык кризистен улам Ташкенттин мэри кызматтан алынды