17-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй жана Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;
Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -27…-32, күндүз -12…-17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -13…-18 болот.
17-январда борбор Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18°, күндүз -4…-6° градусту түзөт. (ErN)